Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 127-чакырымындагы Төө-Ашууда кар көчкү түштү. Бул тууралуу "Кыргыз автожол" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кар көчкү бүгүн саат 16:00дөр чамасында түшкөн. Буга байланыштуу бардык автоунаалар үчүн жол жабылды.
"Жол тейлөө кызматтары кырдаалды жөнгө салуу үчүн жеринде иштешүүдө. Көчкүнү тазалоо жана жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ӨКМ ашууларда жана тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү ыктымал экенин эскерткен.
Радио
Ногойбаев: учурда 3 387 үй-бүлө кооптуу тилкеде жашайт