Бишкек мэри "Ош" базарындагы соодагерлерге жаңы базарга көчүү шартын түшүндүрдү

Рейд под руководством мэра Бишкека на территории Ошского рынка
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. "Ош" базарындагы соодагерлерге жаңы базарга көчкүчө документтерди тууралоо сунушталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, калаа башчысы Айбек Жунушалиев "Ош" базарын кыдырган.
Ал башаламан соода жүргүзүү санитардык нормаларды бузуп элдин ден соолугуна коркунуч туудурарын белгилеп, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун ишине начар баа берди.
"Жунушалиев базардын аймагынан өткөн Ала-Арча суусунун жээгиндеги таштандыны, базардын айланасындагы арыктарды тазалоону жана уруксат берилбеген объектилерди бузууну, Токтогул менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишин реконструкциялоону тапшырды. Калаа башчысы соодагерлер менен жолугушууда жаңы базардан орундар келишими жана патенти барларга гана берилерин айтты. Жунушалиев соодагерлер өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуу жүргүзүшү керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Мэрдин тапшырмасы боюнча муниципалдык инспекция "Ош" базарынын айланасын текшерип, башаламан соода кылгандарга бир жума мөөнөт берилгени кошумчаланды.
Бишкектеги ишембилик. Архив
Катышпагандар жазаланат. Борбор калаада эки айлык ишембилик жарыяланды