8-мартка карата аба ырайы

8-мартка караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-март, ишембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл жергесинде +1...+6 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -2...+3 градуска чейин жылыйт.
Күндүн табы борбор калаада +6...+8 градуска көтөрүлүп, күндүн биринчи бөлүгү жаандуу болсо, түштөн кийин ала булут каптап турат. Ош калаасында жаан-чачын күтүлбөйт, +8...+10 градуска чейин жылуу болору болжолдонду.
Бишкекте кабелдерди жер астына жайгаштырууга 30 млн. сом сарптоо пландалууда