Орозодо кандай азыктар менен тамактануу керек? — туура тамактануу боюнча адистин кеңеши

Sputnik
Орозо айында туура тамактануу менен бирге эле азыктарды да туура тандоо шарт. Курулган тамактардан алыс болуп, сууга жана бууга бышкан азыктар тамактанган дурус. Ооз ачканда дароо тамактануудан кармануу керек. Негизи,алгач жылуу суу ичип, бир аз убакыт өткөндөн кийин тамакка өткөн оң. Сууну көбүрөөк ичүү абзел. Мисалы 1 кг салмакка 30 мл суу туура келет. Тамактануу рационунда мөмө-жемиштер көп болушу керек. Ал эми ашыкча тамактануу тамак сиңирүүнү жайлатып, ашказан оорусуна алып келиши мүмкүн. Ашыкча салмактан арылууну каалагандарга аз көлөмдө бирок түрдүү азыктарды жеп-ичип, шашпай майда чайнап жутуу сунушталат. Бул айда туздуу тамак-аш, таттуу азыктарды колдонбой эле койгон жакшы.
Орозо бүткөндөн кийин да организмди күнүмдүк режимге акырындык менен көндүрүү керектигин нутрицолог Марина Дуйшенкулова баяндады.