Токой өстүрүү үчүн ар бир райондо кеминде 5 гектар жер бөлүү каралууда

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Токой өстүрүү үчүн ар бир райондо кеминде беш гектардан жер бөлүү каралууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев "Биринчи радиодон" билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдан бери "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында 20 миллион көчөт отургузулуп, бирок анын 30 пайыздайы тамыр албай калган.
"Мурдагыдай жол жээгинде же дагы бир жерде көчөттөрдү сейрек жайгаштырып отургузбастан, токой массивдерин түзүү зарыл. Бул үчүн ар бир район кеминде 5 гектар аянт бөлүшү керек. Анткени көчөттөрдүн көбү туура кам көрүлбөгөндүктөн куурап калууда. Дарактарды коргоо үчүн тосмо орнотуу, сугат системасын жолго коюу жана үзгүлтүксүз багуу иштерин камсыз кылуу абдан маанилүү. Бул милдеттер жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга жүктөлөт", — деп кошумчалады ал.
Ошондой эле ал быйыл өлкө боюнча 8,5 миллион көчөт тигүү мерчемделип жатканын кошумчалады.
Бишкектеги Ала-Арча суусунун жээгин бойлой сейил бак куруу пландалууда