Депутат Ысык-Көлдөгү мектепте 15 окуучудан кургак учук аныкталганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Курбу деген айылда Чынтемир Осмонов атындагы мектептеги окуучулардан кургак учук аныкталган. Бул тууралуу ата-энелерден кат келип түшкөнүн депутат Камила Талиева парламентте билдирди.
Анын айтымында, балдар жыл сайын Чолпон-Атадагы санаторийде дарыланып жатат.
"Былтыр 5-6 бала 9 ай дарыланууга жаткан экен. Быйыл 15 бала ооруп калды деп ата-энелерден кат келип жатат. Мектеп авариялык абалда, сыз, полдору чириген. Билим берүү министрлиги ушуну карашы керек", — деди Талиева.
Кургак учуктун жайылышына жол бербөө үчүн жаңы эрежелер бекитилди