Борбор Азиядагы коопсуздукту ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКС шарттайт. "Валдай" конференциясы

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Борбор Азиядагы коопсуздуктун архитектурасын ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКС уюмдары түзөт. Бул тууралуу Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка мамлекеттери боюнча институттун илимий кызматкери Дарья Сапрынская "Валдай" клубунун конференциясында айтты.
Эскерте кетсек, Борбор Азияга арналган иш-чара Россиянын Иркутск шаарында өтүп жатат.
Сапрынскаянын айтымында, коопсуздуктун евразиялык архитектурасын түзүү үчүн Россиянын Борбор Азиядагы мамлекеттер менен өз ара тыгыз кызматташуусу өтө маанилүү.
Муну менен бирге адис Батыш региондо стабилдүүлүк болушун каалабай турганын, Россия менен БА өлкөлөрүнүн биримдигине доо кетирүүгө ынтызар экенин белгиледи.
Быйыл бешинчи ирет өтүп жаткан конференция кечээ, 4-мартта, башталган. Бүгүн иши аяктайт.
"Валдай" клубунун өкүлү: Борбор Азия көп полюстуу дүйнөнүн борбору болуп калды