Улуттук кийимдердин ар бир өңүтү терең мааниге ээ. Мамкатчынын куттуктоосу

Ак калпак күнүн майрамдоодо улуттук кийимчен өспүрүмдөр. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Улуттук кийимдерибиздин ар бир өңүтү: кездемеси, тигиши, оюу-чиймелери терең мааниге ээ. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата куттуктоосунда айтылган.
"Ар бир элдин улуттук кийими – ошол элдин маданиятын, тарыхын чагылдырган укмуштуудай көрүнүш. Биздин ак калпак баштаган улуттук кийимдерибиз дагы элибиздин тарыхы менен тыгыз байланышып, турмуш-тиричилигинин курамдык бөлүгү, маданий мурасынын маанилүү элементи катары бизге жетти. Муундар аралык байланышты камсыз кылган улуттук кийимдерибиздин ар бир өңүтү: кездемеси, тигиши, оюу-чиймелери терең мааниге ээ", — деген Касмамбетов.
Мамлекеттик катчы ааламдашуу доорунда маданий мурастарды унутуу коркунучу бар экенин айтып, балдарга тилди, дилди жеткирүү негизги милдет экенин белгилеген. Ошондой эле ал Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү кыргыз элинин уникалдуу маданиятын эске салып, аны даңазалоого чоң мүмкүнчүлүк берерин айтты.
Sputnik Кыргызстан агенттиги калпактын жасалышы, мааниси тууралуу кызыктуу инфографика даярдаган.
Ак калпак кийген жигиттер. Архив
Дүйнө кыдырып, залкары, ажосу, чемпиону кийген ак калпак. Көз кубанткан сүрөттөр