БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаап, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Талас жергесинде +8…+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12…+17, Ысык-Көл аймагында +4...+9, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкек менен Ош шаарында +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.