Россия — Борбор Азия алакасынын бузулушуна жол бербөө. "Валдайдагы" талкуу

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Евроатлантчылар батыш үстөмдүгүнө каршы пикирдин жайылуусуна жол бербөө үчүн Борбор Азияга экономика жана технология тармактарын жамынып "кирүүдө". Бул тууралуу РФ ТИМинин КМШ мамлекеттеринин үчүнчү департаментинин директору Александр Стерник билдирди.
Ал "Валдай" клубунун Россиянын Иркутск шаарында Борбор Азия боюнча өтүп жаткан "Россия жана Борбор Азия: көп полюстуу дүйнөдөгү кызматташтык" деп аталган V конференциясында сүйлөгөнүн Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы кабарлады.
"Евроатлантчылар Борбор Азияны Россия менен кызматташууга кызыкдарлыгын төмөндөтүү үчүн регионду өз ара Түштүк Кавказ аркылуу Батыш Европага байлап койгон", — деди Стерник.
Дипломаттын айтымында, Батыш Борбор Азия мамлекеттеринин транзиттик потенциалына жана энергоресурстарына кызыгып келет. Мындан тышкары, регион Афганстан, Иран жана Кытай менен чектеш экени да маанилүү болууда.
Белгилей кетсек, бүгүн башталган конференция эртең соңуна чыгат. Анда көп полярдуу дүйнөдөгү кызматташуу, Евразиядагы коопсуздук жана мамлекеттик суверенитет, климат, суу, демография сыяктуу дүйнөлүк көйгөйлөрдү жалпылап чечүү, эл аралык соода жана транспорт маселелери талкууланмакчы.
АКШнын Борбор Азиядагы жаңы саясаты. Регион таасир этчү куралга айланабы?