Россия беш айылдагы уулуу калдыктарды зыянсыздандырууну каржылайт

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россия дагы беш айылдагы уулуу калдыктарды зыянсыздандырууну каржылайт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, Кажы-Сай жана Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайларды зыянсыздандыруу үчүн акча бөлүп, иштер дээрлик аяктаган.
Буга кошумча, Россия 2 миллиард 141 миллион рубль бөлүүгө макул болгон.
Төмөнкү калдык сактагычтар зыянсыздандырылат:
Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы штольня жана шахта калдык сактагычтар;
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылындагы калдык сактагыч;
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар айылындагы үч калдык сактагыч;
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылындагы үч уулуу калдык сактагыч;
Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кан айылындагы эки уулуу калдык сактагыч.
Министр бул объектилердин радиоактивдүүлүгү, чек арага жана корголуучу жаратылыш аймактарына жакындыгы эске алынып, тандап алынганын кошумчалады.
Өкмөт "Кристалл" заводундагы хлорду утилдештирүү үчүн Росатомго кайрылды