БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Параны жер тилке менен алган деп аткаминер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2007-жылы Көк-Жар айылынан жарандарга 4,3 гектар айыл чарба жерлери бөлүнгөн.
"Бул жер көпкө чейин максатка ылайык пайдаланылбай, ээлери аны майда жер тилкелерге бөлүп, жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн. Трансформацияга мүмкүнчүлүк болбогондуктан Аламүдүн филиалынын директорунун орун басары Э.А.А. жер тилкесин трансформациялоого көмөк көрсөтүүнү сунуштап, сыйлык (пара) катары ошол эле аймактан 15 сотых жер тилкесин алган. Аталган жер тилкеси шектүүнүн жээнине катталган", — деп айтылат маалыматта.
Аткаминер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.