БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 4-март, шейшембиде, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Таласта -3...+2, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ...+5 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө ...-5 градуска чейин суук болору болжолдонду.
Күндүн табы Бишкекте -1...+1, Ош калаасында +3...+5 градус жылуу болот.