БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жума күнкү жолугушуудан кийин Владимир Зеленскийден Ак үйгө кайра барып АКШнын президенти Дональд Трамп менен мамилени оңдоону суранганын Telegraph гезитине таянып РИА Новости жазды.
"Стармер Зеленскийди жума күнкү жолугушуудан кийин кайра Ак үйгө барып Трамп менен элдешүүгө чакырганы белгилүү болду", — деп жазган басылма.
Гезиттин жазганына караганда, Трамп менен Зеленскийдин аягына чыкпай калган жолугушуусунан кийин Стармер Украина башчысына чалып, аны Ак үйгө кайра барууга көндүрүүгө аракет кылган. Кийинчерээк чыңалган абалды жумшартуу үчүн АКШ президентине да чалган. Бирок анын аракетинен майнап чыккан эмес.
"Америкалыктар Стармерге сүйлөшүүгө кайтуудан мурда тынчтаныш керектигин айтышкан", — деп жазган гезит.
Жума күнү Вашингтондо Трамп, АКШнын вице-президенти Вэнс жана Зеленскийдин жолугушуусу уруш-талаш менен аяктап, Зеленский жолугушуу бүтө электе эле залдан чыгып кеткен.