Кызыл армиячы Рузи Азимов 1925-жылдын 22-сентябрында Сузак районунун (Жалал-Абад облусу) Чөкө-Дөбө айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келиптир. Улуту — өзбек.
Ал 1943-жылдын сентябрынан тарта 1944-жылдын майына чейин Владимир Ленин атындагы Ташкент жөө аскерлер училищесинде окуган. 1944-жылдын 3-июнунан тарта согушка кирип, 1-Прибалтика фронтунда кармашып, Беларусту бошотууга катышкан.
1944-жылдын 23-июнунда Витебск облусундагы (Беларусь) Шумилин районуна караштуу Козоногово кыштагында болгон согушта аскерлерди чабуулга алып чыккан. Эки күндөн соң жогоруда аталган аймактын Гринёво айылында биринчилерден болуп Батыш Двина суусун кечип өтүп, душмандын траншеясына кирип барып, каршылаштардын бир топ аскерин жок кылган. Душмандын жакын эле жерден жарылган артиллериялык снарядынан контузия алып, госпиталга түшкөн. Оор жаракатынан улам согушка кайтып бара алган эмес. Дарылангандан кийин мекенине кайтып, колхоздо иштеген.
1944-жылдын 22-июлунда 19 жаштагы Азимовго согуштагы каармандыгы жана эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылып, Ленин ордени жана Алтын жылдыз медалы тапшырылган. Андан сырткары, Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, кийин III даражадагы Манас ордени берилген.
1951-жылдан тарта Жалал-Абадда айыл чарбасында, партиялык иштерде жүрүп, окутуучу да болгон.