БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жана анын жакын санаалаштары үчүн Ак үйдөгү жаңжал күтүүсүз болбогонун РИА Новости Axios басылмасына таянып жазды.
"Зеленский сүйлөшүүнүн башында эле эки олуттуу ката кетирген. Биринчи ирет 15-февралда кен байлыктар боюнча жашыруун талкууланган келишимди элге мыскылдап айтып чыгып жаза баскан. Экинчи катасы — кийими. Зеленский сүйлөшүүгө талаптагыдай костюм кийип келген эмес. Муну Ак үй кызматкерлери сыйлабастык катары кабыл алышкан. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен эл алдында урушканы Зеленскийдин үчүнчү жана акыркы катасы болду", — жазылат маалыматта.
Макалада эки өлкө лидерлеринин бири-бирин кабыл алуудагы айырмачылыгы да кастык элементти шарттаганы айтылат.
"Трамп Зеленскийди өлкөнү жеңилүүгө алып бара жаткан дардаңке деп эсептесе, Зеленский Трампты Россияны жактаган, Украинаны ага багынып берүүгө мажбурлай турган келесоо катары көргөн", — деп жазылат макалада.
Жакында эле Вашингтондо Трамп, АКШнын вице-президенти Вэнс жана Зеленскийдин жолугушуусу болуп, ал уруш-талаш менен аяктаган. Анда АКШ президенти Украинанын согуштук аракеттерди уланта албай турганын, америкалыктар жардам бербесе өлкө чыр башталганда эле туруштук бере алмак эместигин түшүндүрүүгө аракет кылган.
Зеленский маектештеринин сөзүн бөлүп, талашып-тартышканга аракет кылып, Украина Россия менен жалгыз күрөшүп жатканын белгилеген.
Кийин Fox News телеканалы АКШ президенти кайым айтышкан киев режиминин башчысын кууп чыкканын жазган болчу.