Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШга барган Зеленский Трамптан жеме угуп, сапарынын аягына чыкпай кайтты

Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Дональд Трамп Владимир Зеленский менен жолугушуусунда аны жемелеп, Украинадагы жаңжалды токтотууга убакыт келгенин айтканын РИА Новости жазды.
Зеленский АКШ Киевге берген жардамдын ордуна ресурстар боюнча келишимге кол коюуга барган.
“Биз орустар менен, президент Путин менен сүйлөштүк. Муну аягына чыгарууга аракет кылабыз. Бир келишимге келишибиз керек”, — деди Трамп.
АКШ президентинин сөзүнүн урунттуу учурлары:
Путин менен мамилеси мыкты деңгээлде экенин, сүйлөшүүгө келгендер Украина боюнча келишимдин талаптарын талкуулоого өткөнүн айтты;
“адам өмүрүн сактап калуу” жана ага көп маанилүү болбосо да “акчаны үнөмдөө” үчүн Украинадагы жаңжалды токтотууну каалаарын айтты;
Зеленский жаңжалды токтотууга умтулбаса АКШ Киевге жардам берүүсүн токтотот;
АКШ менен сүйлөшүүдө Киевдин колунда эч бир көзүр жок, азыр Украина өтө начар абалда турат, анын аскерлери түгөнүүдө;
Зеленский миллиондогон адамдын өмүрү менен ойноп, үчүнчү дүйнөлүк согуштун ыктымалдуулугун арттырып жатат;
Зеленский Ак үйдүн жетекчисинин жаңжалга болгон мамилесин өзгөртө албайт, анткени АКШ аны токтотууга аракет кылууда;
Зеленский анын өлкөсүн “сактап калууга” аракет кылган АКШ менен анын президентине ыраазы болушу керек;
Зеленский дагы сөз кошоюн дегенде Трамп “сен ансыз деле көп нерсе айттың! Же келишимге макул болосуңар, же АКШ оюндан чыгып, жардамын токтотот” деди.
ЖМКлар Зеленский сүйлөшүүдөн кийин Ак үйдөн чыгып кеткенин билдиришти. Ресурстар боюнча келишимге кол коюу жылды, ал эми сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен пресс-конференция болбой калды.
АКШнын Борбор Азиядагы жаңы саясаты. Регион таасир этчү куралга айланабы?