"Киевде сейрек металлдар жок". ЖМКлар тараткан маалымат

Киев шаары. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында сейрек кездешкен кендер тууралуу Владимир Зеленскийдин айткандары калп экени туурасында жазыла баштаганын Sputnik Ближнее зарубежье Франциянын La Tribune журналына таянып кабарлады.
"Литий Украинада казылбайт, анын көлөмү абдан аз болгондуктан бизнес АКШ үчүн пайдалуу болбойт. Украинада литийдин кени төрт эле жерде болсо, анын экөөнө Киев ээлик кыла албай калган", — деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, февралдын башында АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Украинадан көрсөткөн финансылык жана аскердик жардамы үчүн сейрек кездешүүчү металлдарга ээлик кыларын кепилдеген документ күтүп жатканын айткан. Анткен менен Америка сунуштаган макулдашууга кол коюудан Зеленский баш тартып койгон.
Кийинчерээк Трамп Киев макулдашууну үзгүлтүккө учуратты деп нааразы болгону маалым. Америкалык лидер Украина акыры келишимге кол коерун, болбосо анын кесепетин тарта турганын билдирген эле.
Зеленский өз кезегинде бул макулдашууну алкактык документ деп атоодо. Анын айтымында, эми инвестициялык фонд түзүү тууралуу келишим түзүлөт. Economist түшүндүргөндөй, сейрек кездешүүчү металлдар боюнча макулдашууда Украина үчүн коопсуздук кепилдиги так жазылган эмес, кийинки документте мунун баары конкреттештирилип такталмакчы.
Литий – жеңил, жумшак, күмүш түстүү металл. Башкалардан артыкчылыгы көп. Литий-ион жана литий-полимердик батареялар смартфондордо, ноутбуктарда, электромобилдерде колдонулат. Ядролук энергетикада айрым реакторлордо жана суутек бомбаларын өндүрүүдө пайдаланып келишет. Литий туздары психиатрияда жана бул жааттагы ооруларды дарылоодо жакшы жардамчы. Литийди "келечектин ресурсу" деп эсептешет жана ага болгон суроо-талап жылдан-жылга өсүүдө.
Владимир Зеленский
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский бир шарты аткарылбаса экинчи макулдашууга кол койбой турганын айтты