БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Ала-Бука районундагы дүкөндү өч алуу максатында өрттөөгө буйрук берген делген адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шектүү мурда "положенец" статусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон.
"Кылмышка шектелип Ала-Бука районунун А.А.Н. аттуу тургуну кармалды. Шектүү 11-январдан бери Россияда болуп, шериктери аркылуу Өрүктү айылындагы азык-түлүк жана курулуш дүкөндөрүн өрттөтүп жиберген. Дүкөндөрдүн ээси менен шектүү өчөшүп жүргөн. Келтирилген материалдык чыгым болжол менен 43 миллион сомду түздү, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин бул фактыга байланыштуу өрт койгондор жана ортомчу болгон киши кармалганы кошумчаланды.