БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Мамдуманын Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников менен миграция маселесин талкуулады. Бул тууралуу КР ТИМи билдирди.
Маалыматка караганда, алар Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушкан.
"Бөкөнтаев миграция чөйрөсүндө кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилери үчүн каралган бардык жеңилдиктерди сактоо жана камсыз кылуу зарылдыгын айтып, муну менен интеграциялык бирикменин максаттарына жетсе болорун белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Элчи ошондой эле миграция жаатында тийиштүү сунуштарды дагы берген.
"Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы Москванын жана бүткүл Россиянын аймагындагы аэропорттордо, миграциялык борборлордо жана кеңселерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өзүнчө өтмөктөрдү жана тейлөө терезелерин ачууну сунуштады", — деди ТИМ.
Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да арттыруу үчүн туруктуу байланыштарды улантууну макулдашты.