Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык жыйыны жакында эле Алматы шаарында өттү. Анда бир катар маселелер каралды. ЕӨАК жыйынынын күн тартибине 12 маселе киргизилген. Анын ичинде бажылык жөнгө салуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, биримдиктин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү, электрондук соода жана ЕАЭБде негизги товарларга товардык рыноктордун индикаторлорунун өздүк биржа системасын түзүү маселелери талкууланган. Ушул маселелер жана биримдиктеги баалуу кагаздар, электрондук соода жүгүртүү жана жалпы ИДП тууралуу суроолорду узатып «Ачык Кеп» программасынын алкагында Назарбек Малаев жооп берди.