Согушта генерал Николай Лященконун ишенимине кирген Жумабек Рахманов

Sputnik
Улуу Ата Мекендик согуштун активтүү катышуучусу, болгондо да, Октябрь революциясынын бешиги болуп, немистердин курчоосунда калган Ленинградды коргоп жаткан армиянын катарында баатырларча салгылашкан Жумабек Рахманов да бар. Баатыр атабыз Советтер Союзунун баатыры, түбү кыргызстандык Николай Лященконун ишенимине татып, экөө согуштан кийинки жылдарда да мыкты мамиледе болушкан экен. Рахманов согушка чейин мектепте мугалим, согуштан кийин айылында башкарма болуп, Эмгектин баатырдыгына чейин жеткендигин, жеке жашоосун мейманыбыз Тилектеш Ишемкулов айтып берди.