БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Киевдин НАТОго кирбей турганы боюнча ишенимдүү келишим керек. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды.
Министр аталган сүйлөшүүлөрдө чындык, реалдуу нерселер жана Россияны тандаган Крымда, Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облусунда жашаган элдин пикири да эске алынышы керектигин белгилеген.
"Бул нерселерди сыйлоо, албетте, сөзсүз болушу керек. Ошону менен катар эле Украинанын НАТОго кирбей турганы да ошол сыңары милдеттүү нерсе. Бул боюнча макулдашылып, так сүйлөшүлгөн келишим зарыл", — деген ал Түркия ТИМ башчысы менен болгон жолугуудан кийинки маалымат жыйында сүйлөп жатып.
Ал атайын операциянын жүрүшү тууралуу айтып, качан гана кепке келүү, макулдашуу жыйынтыгын бергенде согуштук кадамдар токтотуларын белгиледи.
"Президент биз Украина менен да, Европа менен да, тынчтыкка жетишүүгө чын ыкластан жардамдашууну каалаган өкүлдөр менен сүйлөшүүгө даяр экенибизди айтты. Бирок анын жыйынтыгы Россия Федерациясына жаккан күндө гана согуштук аракеттерди токтотобуз... Албетте, замандын реалдуулугу эске алынышы керек", — деген министр.
Лавровдун айтымында, Украина боюнча билдирүү жасап жаткан аткаминерлердин арасынан АКШнын позициясы айырмаланып турат.
"Алар жөн гана "жарашууга", чектешкен жерлерди таштап салып, анан эмне кылыш керектигин ойлонууга чакырбайт. Мындай вариант бизге жакпай турганын айтып-деп келгенбиз", — деген РФ министри.