БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Украина боюнча сунуштаган резолюциясына добуш берет

БУУнун Коопсуздук кеңешин имараты. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Украина боюнча сунуштаган резолюциясынын долбооруна добуш берет. Бул тууралуу кеңешке февраль айында төрагалык кылган Кытайдын туруктуу өкүлчүлүгүнөн кабарланганын РИА Новости жазды.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюция долбоору америкалыктар сунуштаган дүйнөлүк уюмдун Башкы Ассамблеясынын документинин көчүрмөсү болуп саналат.
Документте Россия Украинага кол салды деген риторикадан баш тартып, жаңжал "россия-украиналык" деп аталган.
Башкы Ассамблеянын резолюциялары БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларынан айырмаланып, аткарууга милдеттүү болуп саналбайт.
Эскерте кетсек, өткөн аптада Эр-Риядда Россия менен АКШнын делегациялары жолугуп, 4,5 саат сүйлөшүшкөн. Москва менен Вашингтон ортодогу алаканы талкуулап, Украина чырын жөнгө салуу жана эки лидердин жолугуусун уюштуруу маселелерин кеп кылышкан.
Владимир Путин менен Дональд Трамп ага чейин телефондон сүйлөшүп, Россия менен АКШнын жарандарын алмашуу, ошондой эле Украинадагы согуштук аракеттерди токтотууга байланышкан маселелерди талкуулашкан болчу. Кремль да, Ак үй да боло турчу сүйлөшүүлөрдө Европа менен Украинанын кандайдыр бир орду тууралуу сөз кылышкан эмес.
АКШ Пентагону
Пентагондун башчысы Хегсет Зеленскийден эпке келүүнү талап кылды