БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Киев менен Вашингтондун ортосундагы сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимде аскердик кепилдик тууралуу сөз жок. Бул тууралуу АКШнын финансы министри Скотт Бессент Fox News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Келишимде камтылбаган нерсе — аскердик кепилдик. Камтылганы — экономикалык кепилдик. Эгер АКШ олуттуу инвестиция жасай турган болсо, экономикалык коопсуздук кепилдиги болушу керек", — деген Бессент.
Министр келишимде "стратегиялык пайдалуу кен, энергетика жана мамлекеттик ишканалар" каралганын кошумчалады.
"Зеленский келишимге жакын арада кол коет деп ойлойм", — деди Бессент.
Эскерте кетсек, Зеленский Украина сейрек кездешүүчү металлдарынын ордуна коопсуздук кепилдигин сурай турганын билдирген. Анын айтымында, мындай кепилдиксиз түзүлгөн келишим "адилеттүү болбойт".
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 3-февраль күнү Вашингтон аскердик жана финансылык колдоосу үчүн Киевден сейрек кездешүүчү металл жеткире турган кепилдик күтүп жатканын билдирген. The Washington Post гезити аткаминерлерге таянуу менен 14-февраль күнү Зеленский менен Мюнхенде жолуккан америкалык аткаминерлер Украинанын казыла элек минералдык ресурстарынын 50 пайызына ээлик кыла турган документти сунушташканын жазды. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнске макулдашууга кол койбой турганын айткан.
Ал арада АКШ президентинин кеңешчиси Майк Уолтц 21-февраль күнү Зеленский сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кайтып келиши керектигин айтып, ал күн алыс эмес экенине ишеним арткан.