БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. 25-февраль, шейшембиде, күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Талас аймагында +11...+16, Ысык-Көл өрөөнүндө +6...+11, Нарында +3...+8 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +16...+18 градуска жетет.