БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкектеги суулардын жээктери мэрияга берилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Ага ылайык, төмөнкү жээктер муниципалитетке 49 жылга берилет:
Ала-Арча суусу — Семетей көчөсүнөн Жапаров көчөсүнө чейин;
Аламүдүн суусу — Көк-Жар көчөсүнөн айланма жолго чейин;
Чыгыш Чоң Чүй каналы — Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;
Түштүк Чоң Чүй каналы — Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;
Чоң Чүй каналы — Курманжан датка көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
Кичи Чүй каналы — Алма-Ата көчөсүнөн Архитекторлор көчөсүнө чейин.
Мэрия бул жерлерди ижарага бере алат, мындан тышкары, көрктөндүрүүгө милдеттендирилет. Буга чейин мэрия Ала-Арча суусунун жээгин бойлой сейил бак салуу планын жарыялаган.