Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Абактагы депутат Украинанын президенттигине талапкерлигин көрсөттү

Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. 2024-жылдын ноябрь айынан бери абакта отурган Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский өзүнүн Telegram каналы аркылуу Украинанын президенттигине талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө шайлоо тууралуу расмий билдирүү боло элек.
"Мен, Александр Дубинский, 1981-жылы Киевде туулгам. Украинанын президенттигине өзүмдүн талапкерлигимди көрсөтөм", — деп жазган ал.
Депутат Владимир Зеленский шайлоо өткөрүүгө жол бербөө үчүн баарын жасап жатканын, атаандаштарына пара берип, ал тургай коркутуп, кылмыш иш илип жок кылып жатканын айткан.
"Ал өзүн жалгыз талапкер деп жарыялоо үчүн атаандаштарын шайлоого катышуудан баш тартууга мажбурлап жатат", — деген Дубинский.
Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 2024-жылдын май айында аяктаган. 18-февралда АКШ президенти Дональд Трамп Украина бийлиги сүйлөшүү столунан орун алууну кааласа шайлоо өткөрүшү керектигин айтып, чакырык салган. Эртеси Трамп анын шартынан баш тартканы үчүн Зеленскийди диктатор деп атаган.
Зеленский тактыдан кайсы учурда кете турганын айтты