"Асман" шаарын куруу боюнча кореялык, монголиялык компаниялар менен келишим түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Ысык-Көл аймагында “Асман” долбоору боюнча шаарды куруу жаатында түштүк кореялык, монголиялык компаниялар менен келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков билдирген.
Анын айтымында, Кыргызстан аталган компаниялар менен жашыл энергетика тармагында иштешет.
"Булардын компанияларында күн энергетикасы жаатында үлгүлүү технологиялар бар, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар боюнча да иштешкени жатабыз. “Асмандагы” шаардын башкы планы дээрлик даяр, бекитилип калды, жакын арада иш башталат", — деген ал ЭлТР телеканалына.
Буга чейин Нурдан Орунтаев “Асман” долбоору боюнча шаарда жаңы имараттар 1 же 1,5 жылдын ичинде пайда болорун божомолдогон. Орунтаев бул узак мөөнөттүү долбоордун качан бүтөрүн айтуу мүмкүн эместигин, баштапкы план боюнча, алгач ондогон имарат куруларын кошумчалаган.
Кара-Балтада 15 кабаттуу ири турак жай комплексинин курулушу башталды