БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн 200 мигрантты Коста-Рикага жөнөтөт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Депортация болчу 200 мигранттын арасында кыргызстандыктар да бар экени белгилүү болду.
Бейшемби күнү Латын Америкасына депортация болгон 135 кишини салып биринчи каттам келген.
Буга чейин Коста-Риканын президенти Родриго Чавес анын өлкөсү Өзбекстан, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан жана Индия сыяктуу өлкөлөрдөн келген мигранттарды кабыл алууга макул болгонун билдирген.
Анын айтымында, депортациялангандар миграция борборлорунда алты жумага чейин болуп, андан кийин мекенине жөнөтүлөт.
Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болуп келген салтанаттагы сөзүндө Американын аймагына мыйзамсыз кирип жаткандарды тез арада токтотууга жана миллиондогон мигранттарды мекенине “аттандыруу” ишин баштоого убада берген.