БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Алтынбек Максүтов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Максүтов бул кызматка 2022-жылдын октябрында дайындалган. Ал буга чейин Маданият министрлигин 2014-жылдан 2016-жылга чейин дагы башкарган.
Маданият министринин милдетин аткаруу Мирбек Мамбеталиевге жүктөлдү.