Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча ЕАЭБде лидер болду

Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча лидер аталды. Бул тууралуу "Рассказываем о ЕАЭС" Telegram каналы жазды.
2024-жылы республикада өнөр жай өндүрүшү 5,5 пайызга өскөн. ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч 4,5 пайызды түзөт.
Белгиленгендей, өсүш Беларуста (5,4 пайызга), Арменияда (4,7 пайызга), Россияда (4,6 пайызга) жана Казакстанда (2,7 пайызга) да байкалган. Ошону менен бирге бирикменин кайра иштетүүчү өнөр жайында продукциянын көлөмү отчеттук мезгилдин ичинде 8,2 пайызга өстү.
2025-жылы БАЭ менен ЕАЭБ эркин соода аймагы боюнча келишимге кол коюшат