БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кара-Балтада 60 блоктон турган 15 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Аймакка 4 420 батир салынмакчы. Мындан тышкары, коммерциялык жайлар, 750 орундуу эки мектеп, 280 орундуу эки бала бакча, эс алуу зоналары, унаа токтотуучу жайлар курулат. Өзүнүн жеке заманбап жылуулук борбору да болот.