Өткөн жылы жөө жүргөндөрдүн катышуусунда 2 613 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында жол кырсыктарын алдын алуу багытында жөө жүргөн адамдар арасында байма-бай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
"Былтыр жалпы 7 102 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 700дөн ашуун адам каза болуп, 10 479 киши ар кандай жаракат алды. Мунун ичинен 2 613 факт же жалпы жол кырсыктарынын 36,8 пайызы жөө жүргөндөрдүн катышуусунда болгон. Жол кырсыгына айдоочу эмес, жөө бараткан адам себепкер болгон учурлар көп. 10-15 метр ары турган өтмөккө баскандан эринип, көрсөтүлгөн жерден өтпөстөн туура эмес жерден чуркап чыга калышат. Саатына 50-60 чакырым менен бара жаткан унаа мындай учурда токтоого үлгүрбөйт. Жол эрежесин бузганы үчүн айып салып жатсак, ушундай айып барбы деп таң калган кишилер бар. Бирок элде жылдан-жылга жол эрежеси тууралуу түшүнүк жакшырып жатат", — деди Айтикул уулу.
Ошондой эле ал жөө жүргөндөр жол эрежесин бузган учурлар Бишкек жана Ош шаарында көп катталарын кошумчалады.