БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Украинанын бир топ бөлүгүн көзөмөлдөп тургандыктан абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Россиянын сөзү өтүмдүү болот. Бул туурасында АКШ президенти Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды.
"Орустар согушту бүтүрүүнү каалайт. Мен чындыгында ушундай деп ойлойм. Бирок алардын колунда көзүр турат, себеби көп аймакты алып алгандыктан сөзү өйдө болот", — деген Трамп журналисттерге.
Буга чейин АКШнын администрациясы чатакты жөнгө салууда дипломатиялык жолду издөө зарылдыгын айткан эле. Трамп анын командасы процессти тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жеткирүүгө жөндөмдүү экенин кошумчалаган.
Россия президенти Владимир Путин РФтин Коопсуздук кеңешинин январдагы жыйынында Украинадагы кармашты жөнгө салуу үчүн күч топтоп куралданып алып, андан ары согушуу максатындагы кыска мөөнөттүк тыныгуу эмес, узакка созулган тынчтык керектигин белгилеген. Анын айтымында, РФ россиялыктардын кызыкчылыгы үчүн күрөштү улантат, атайын операциянын да маани-маңызы ушунда. Украинадагы тынчтык "ошол аймакта жашаган бардык элдин мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоого" негизделип орношу керек.