Лавров эмгек мигранттары үчүн талаптардын катаалдашы боюнча комментарий берди

Тамак-аш жеткирүү кызматынын кызматкери заказ чогултуп жатат. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Эмгек мигранттарына карата мыйзамдарды катаалдаштыруу Россиянын узак мөөнөттүү кызыкчылыгына жатпайт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
"Борбор Азия өлкөлөрү, ири алдыда Закавказьеден, башка республикалардан келген мигранттарга кандайдыр бир катаал мамиле биздин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарыбызга дал келбейт, аны шарттабайт деген позициядан туруп карайбыз. Албетте, тартипти сакташ керек. Мигранттардын кириши көзөмөлгө алынышы зарыл. Тиешелүү органдар алардын кайсы жерде иштээрин жана Россиянын мыйзамдарын сактоого ким жооп берерин билиши керек. Муну жакынкы өнөктөштөр менен мамилеге тоскоолдук жаратпастан, виза тартибин киргизбестен эле жасап койсо болот деп ишенем", — деген Лавров.
Министрдин айтымында, бул багытта көрүлүп жаткан чаралар эмгек миграциясына тоскоолдуктарды жаратууга эмес, көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Лавров ЕврАзЭСти түзүү боюнча негизги документтерде биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн жарандары бирдей укукка ээ экени жазылганын эске салды.
ТИМ Россияда жүрүү эрежелери өзгөргөнүн эске салды