Россия делегациясы менен Эр-Риядда жолугуу үчүн АКШдан кимдер келери айтылды

Эр-Рияд шаары. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Тэмми Брюс бейшемби күнү Сауд Арабиянын борборунда Россиянын делегациясы менен АКШнын өкүлдөрү жолугарын тастыктады. Бул тууралуу Washington Post жазды.
Брюстун айтымында, сүйлөшүүлөргө АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф катышат.
Буга чейин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путиндин тапшырмасы менен өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров жана өлкө башчынын жардамчысы Юрий Ушаков америкалык кесиптештери менен жолугуу үчүн Эр-Риядга барарын айткан.
Америка лидери Дональд Трамп
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Мага кыйын болуп калмак". Трамп Путиндин Украина боюнча кадамы тууралуу