Бишкекте 25 гана мектепте стоматологиялык бөлмөлөр иштеп жатат. Ал эми борбордо жалпы 67 бала бакчанын 13үндө гана сакталып калды.
Бул тууралуу Абибилла Калбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, союз учурунда ар бир облустук борборлордо стоматологиялык эмканалар болуп, кийин алар жалпы клиникаларга кошулуп кеткен.
"Советтик мезгилде балдар стоматологиялык клиникаларына өзгөчө көңүл бурулган. Биз ошол тажрыйбаны кайтарып, кайрадан жандандырышыбыз керек. Мисалы, Бишкекте 25 гана мектепте стоматологиялык бөлмөлөр иштеп жатат. Ал эми борбордо жалпы 67 бала бакча болсо, анын 13үндө гана мындай жайлар сакталып калды. Бала бакчада бөбөк тиш оорулар тууралуу бардык маалыматтарды алып, профилактикалык иштер жасалышы кажет. Ар бир облустук борборлордо стоматологиялык эмканалар иштеп, кийин алар жалпы клиникаларга кошулуп кеткен. Учурда Чүй, Талас, Ош облустарындагы гана тиш клиникасы өзүнчө иштеп жатат", — деди Калбаев.
Ошондой эле ал стоматологиялык багытта илимий изилдөөгө кызыккан жаштар көбөйгөнүн кошумчалады.