Радио

Мамыралиев: дарыгерлердин кол жазмасында сыр жок, көп эмгектин изи бар

Улуттук госпиталдын Урология илимий борборунун дарыгери Нурсултан Мамыралиев
Улуттук госпиталдын Урология илимий борборунун дарыгери Нурсултан Мамыралиев медицина көп эмгекти талап кыларын, ошондуктан бул кесипти таштап кеткен жаш адистер көп экенин билдирди.
Sputnik
Дарыгерлердин башкалар түшүнбөгөн татаал кол жазмасы — билим алуудагы көп эмгектин натыйжасы. Бул тууралуу Нурсултан Мамыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, башында кол жазмасы сулуу студенттердин деле кийин жазганын көпчүлүк окуй албай калат.
"Дарыгердин кол жазмасында медициналык сыр жок. Башкы себеби — лекциянын көптүгү. Шашып, кыскартып жазып жүрүп, бузулуп кетет. Мугалим лекцияны окуп кете берет, студенттер жетишип жазышы керек. Менин лекция жазган дептеримди өзүм түшүнөм, башкаларга берсем түшүнбөйт. Бирок менин кол жазмам башынан эле жакшы эмес. Бир баланы билем, башында кол жазмасы абдан сулуу болчу. 5-6 курста лекцияларын карасам баягы кол жазма жок, бузулуп меникине окшоп калыптыр. Дарыканадагы сатуучулар дарыгердин жазганын түшүнбөй калса "кайсы жериңиз ооруп жатат" деп сурап алат. Анын үстүнө алар дары-дармек тууралуу билими бар, 2-3 тамгасын окуса калганын оңой эле таап алат", — деди Мамыралиев.
Ошондой эле ал дарыгерликте ручканы эмес, медициналык жабдууларды жакшы колдонуу көбүрөөк бааланарын кошумчалады.