Пресс-борбор

Бишкекте ЖМКдагы сүрөттөр боюнча мастер-класс өттү. Видео

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин фоторедактору Екатерина Волкова КРСУнун студенттерине, мамлекеттик органдардын маалымат катчыларына жана фрилансер фотографтарга мастер-класс өткөрдү.
Sputnik
SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагындагы иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өттү.
Волкова фото окуялар деген эмне экенин, аларды кантип туура түзүү зарылдыгын, кандай ыкмалар жогорку сапаттагы фоторепортаж жасоого мүмкүндүк берерин жана кандай каталар аны бузуп саларын айтып берди.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттери менен бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
2018-жылдан бери бетме-бет жолугушуулар 24 өлкөдө жана 80ден ашуун онлайн режиминде өткөрүлдү. SputnikPro катышуучуларынын саны 12 700дөн ашат.