БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Россия эч качан өз аймагын алмашуу боюнча маселени талкуулаган эмес, талкуулабайт дагы. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Владимир Зеленский Guardian басылмасына маек куруп жатып Россия менен аймак алмашууну четке какпай турганын белгилеген. Бирок чоо-жайын ачыктаган эмес.
"Мындай болушу мүмкүн эмес. Россия өз территориясын алмашуу боюнча эч качан талкуулаган эмес, талкуулабайт дагы, ага жол бербейт. Украиналык топтор бул аймактардан чыгарылат, аман калгандардын баары куулат", — деди Песков журналисттерге.