БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. 27-февралдан баштап Вьетнамдын Нячанг шаарына түз авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, каттамдар аптасына үч жолу болуп, "Аэрономад" компаниясынын учактары менен жүргүзүлөт.
Нячанг — Вьетнамдын түштүгүндөгү курорттук шаар.