Касымалиев: глобалдык таасир мындан ары аймак, ресурс менен аныкталбасы белгилүү

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Глобалдык таасир мындан ары чек аралар жана ресурстар менен аныкталбай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Ал Дубайдагы Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде "Өнүгүп келе жаткан глобалдык таасир" форумун ачып жатып, мурда глобалдык таасир аймак, калк, ресурстар жана аскердик күч менен аныкталса, бүгүнкү күндө бул факторлор экинчи планга өтүп баратканын айтты.
"Заманбап дүйнөнү технологиялар, экономикалык тармактар, маалыматтык агымдар жана ой жүгүртүү стандарттары калыптандырууда. Маселе ресурстарга ээлик кылгандарда эмес, аларды пайдалануунун эрежелерин аныктагандар, экосистемаларды түзүп, стандарттарды белгилеп, келечекке стратегиялык көз карашты түзүүдө жатат. Глобалдык таасир мындан ары чек аралар жана ресурстар менен аныкталбай турганы белгилүү. Кылымдар бою бийликтин негизин жер, жаратылыш ресурстары, аскердин көлөмү жана экономикалык күч түзүп келген. Бирок бүгүнкү күндө бул көрүнүш тездик менен өзгөрүүдө", — деди Касымалиев.
Минкаб башчысы Сингапур, Эстония, Дубайды лидер катары мисал келтирип, алар аймак же ресурстар менен эмес, инновация жана стратегиялык башкарууга негизделгенин белгиледи.
"Мамлекеттер глобалдык саясаттын негизги факторлору бойдон калууда, бирок алар бүгүн жаңы реалдуулукта иш алып барып жатат. Салттуу бийлик инструменттеринен тышкары биз азыр глобалдык технология платформаларынын, экосистемалардын жана корпоративдик альянстардын таасирин эске алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө биз корпорацияларды, технологиялык платформаларды, эл аралык каржы институттарын жана санариптик тармактарды камтыган таасирдин жаңы экосистемаларын көрүп жатабыз", — деген өкмөт башчы.
Касымалиев Google, Open AI, Amazon, Microsoft, Apple, TikTok жана Netflix платформаларын мисал келтирип, булар өз багытына тиешелүү экосистеманы калыптандырып жатканына токтолду. Мындай шартта Кыргызстан гидроэнергетикалык потенциалды жогорулатууга, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүүгө басым жасап жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Касымалиев учурда Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмирликтери) жумуш сапары менен жүрөт.
Жапаровдун Кытайга сапарынын алкагында 20 документке кол коюлду. Тизме