БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Ырчы Кайрат Примбердиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган чара "Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кабыл алынган.
"40 жаштагы П.К.Т. аттуу жаран YouTube-каналдардын биринде сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандап алынды", — деп жазылат маалыматта.
Атайын кызмат мындай аракеттер мыйзамда 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын эскертти.
Буга чейин ырчынын Ормон хан боюнча айтканы коомдо талкуу жараткан. Примбердиев анын сөзү контексттен алынганын билдирип чыккан.