БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. 11-февралда күн ачык болот. Батыштан соккон шамладын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Ысык-Көлдө +1...+6, Талас облусунда 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +2...+7 градус жылуу болот. Ал эми Нарын чөлкөмүндө 0...-5 градуска чейин суук болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +4...+6, Ош шаарында +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.