Кыргыз, илбирс, анан топоз гана чыдаган Мургаб. Кандаштардын жашоосунан бир элес

Дүйнөнүн түндүгү көтөрүлүп, керегеси жайылган, шарты катаал Тажик Памиринин Мургаб чөлкөмүн нечен кылымдан бери кыргыздар мекендейт. Эл арасында "Мургабга кыргыз, илбирс жана топоз гана чыдайт" деген учкул сөз бар.
Sputnik
1980-жылдардын аягында бул жактагы кандаштар тууралуу белгилүү кинорежиссер жана саясатчы Дооронбек Садырбаев "Журт көрөңгөсү" аттуу даректүү тасма тарткан. Колумнист Алмаз Батилов Мургабдагы кыргыздардын жашоо-турмушун чагылдырган сейрек сүрөттөрдү Чүйгө көчүп келген кандаштардын жеке архивинен тапкан. Сүрөттөрдүн тарыхын жазууга мургабдык акын Өскөнбай Бердибаев жардам берген.
1 / 12

Топоз минген кыргыз жигит. Тажик ССРи, Мургаб аймагы, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, 1936-жыл.

2 / 12

Кыргыз үй-бүлөсү түшкү тамак ичип жаткан маал. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, 1983-жыл.

3 / 12

Кыргыздар түшүм майрамын белгилеп жаткан учур. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Сары-Могол айылы, 1987-жыл. (Айыл 1946-2003-жылдары Тажикстандын курамында эле, азыр Алай районуна карайт).

4 / 12

Кыргыз ССРинен барган маданият ишмерлери: акын Тууганбай Абдиев (2-катарда оң жактан бешинчи), ырчы Каныкей Эралиева (2-катарда оң жактан алтынчы), манасчы Уркаш Мамбеталиев ( 1-катарда төртүнчү) жергиликтүү кандаштар менен жолуккан учур. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Көөнө-Коргон айылы, 1987-жыл, сентябрь.

5 / 12

Кандаштар этнокөргөзмө өткөрүп жаткан учур. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, 1988-жыл.

6 / 12

Каада-салттан бир үзүм. Кандаштар көргөзмөдө. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, 1988-жыл.

7 / 12

Кыргыздар эмгекчилерге арналган иш-чарага катышып жаткан учуру. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Раң-Көл, 1986-жыл, күз айы.

8 / 12

Кыргыздарга чөп чабыктын учурунда жардам берип жаткан советтик чек арачылар. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Раң-Көлдүн жанындагы метеостанция, 1988-жыл, жай мезгили.

9 / 12

Мургаб районунун 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышкан кандаштар. Душанбе, 2002-жыл, күз айы.

10 / 12

Кыргыз аксакалдары: Ташбек Нажимидинов (сол жакта), ХХ кылымдын башында Памирде белгилүү Көкөнбек миң башынын небереси Курбанбек Сапанов (ортодо), Мыйман Мамытов (оң жакта). Тажикстан Республикасы, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Көөнө-Коргон айылы, 1998-жыл.

11 / 12

Кыргыз аксакалдары ордо ойноп жаткан учур. Тажикстан Республикасы, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Көөнө-Коргон айылы, 2002-жыл

12 / 12

Топоз минген кыргыз наристе Ноорузбек Олжочиев. Тажикстан, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Көөнө-Коргон айылы, 2004-жыл.