Маданият министрлиги жаңы гимндин текстине жана музыкасына сынак жарыялайт

Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги гимндин текстине жана музыкасына сынак жарыялайт. Бул тууралуу Тимурлан Ажымалиев гимнди өзгөртүү боюнча комиссиянын алгачкы жыйынында кабарлады.
"Максаты — элдин маданиятын, тарыхый мурасын жана биримдигин чагылдырган чыгарма жаратуу. Композитор, акын жана чыгармачыл жамааттарды катышууга чакырабыз", — деген Ажымалиев.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу (ал кезде фамилиясы Шакиев болчу) Кыргызстандын гимнин өзгөртүү демилгесин көтөрүп, ал апрелге чейин кабыл алынышы керектигин айткан. Натыйжада гимнди өзгөртүү боюнча комиссия түзүлгөн.
Садыр Жапаров гимнди өзгөртүү боюнча пикирин билдирди