БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Баку Россиянын “Русский дом” илим жана маданият борборунун ишин токтотуу боюнча Москвага нота жөнөткөнүн Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айхан Гаджизаде билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Азербайжан “Русский дом” борборунун Бакудагы ишмердүүлүгүн токтотту. Россия тараптан тиешелүү кадамдарды күтөбүз”, — деген ал.
Гаджизаденин айтымында, Азербайжанда буга окшогон уюмдардын иши улуттук мыйзамдарга, эки тараптуу макулдашууларга таянуу менен жөнгө салынат.
“Баку Россотрудничествонун Азербайжандагы өкүлчүлүгү болгон "Русский дом” маалымат-маданий борбору юридикалык жак катары каттоого турбай өлкө мыйзамдарын бузганы тууралуу Россия тарапты кабардар кылды”, — деди маалымат катчы.
Россотрудничествонун жетекчиси Евгений Примаков Баку бардык тараптын кызыкчылыгына төп келген чечим кабыл алынарына ишеним арткан. Ал аталган борбор гуманитардык кызматташуу боюнча гана иш жүргүзүп келгенин, саясий маселелер менен эч убакта алек болбогонун белгиледи.
Ал арада РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова маселе оң жагына чечилерине үмүт артып, Москванын Бакунун сурамына жообун ачыктады.
“Россия тарап “Русский дом” маданий борборунун катталышы үчүн Азербайжан Республикасынын мыйзамдарына ылайык эки тараптуу макулдашуунун негизинде бардык керектүү чараларды көрүүгө даярдыгын билдирет”, — деди Захарова.