6-февралга карата аба ырайы

6-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бейшембиде күн ачык болот. Эртең менен айрым аймактарда туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көлдө -1...+4, Талас аймагында +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -1...-6 градус суук болушу ыктымал.
Күндүн табы борбор калаада +2...+4, Ош шаарында +8...+10 градуска чейин көтөрүлөт.
Өлкөдө 1-класстын окуучулары бир жумага каникулга тарашат