БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жазаларды аткаруу кызматы Юстиция министрлигинин курамынан чыгарылып, министрлер кабинетине караштуу өзүнчө мамлекеттик орган болуп түзүлдү.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мындай чечимди жаза аткаруу системасынын ишин жакшыртуу максатында кабыл алынган. Ага ылайык, бул органга Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) деген мурдагы аталышы кайтарылды.
Башкармалык 2021-жылдан бери Юстиция министрлигинин курамында болуп келген.